Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Бектур Асанов президентти олигархиялык-кландык системага каршы чара көрүүгө чакырды


Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

Оппозиционер саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бектур Асанов президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата тез арада чара көрүүгө чакырды.

Саясатчы Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу жарыялаган видеокайрылуусунда эгемендиктин алгачкы жылдарында башталган бийликтеги жемкорлук токтобой жатканын белгиледи:

«Тилекке каршы, Аскар Акаевдин мезгилинде түптөлгөн мамлекеттик деңгээлдеги олигархиялык- бандиттик-кландык коррупция президент Сооронбай Жээнбековдун мезгилинде токтобой, улантылды. Биз учурдан пайдаланып Жээнбековго кайрылып, кыргыз элинин ырыскысын жеп байыган олигархиялык-бандиттик-коррупциялык топтун башчысы деген «Раим-миллионго» каршы тез арада мыйзамдуу чара көрүүгө чакырабыз. Парламенттик шайлоого чейин Жээнбеков же кыргыз элин, же болбосо олигархиялык-бандиттик топту колдой турганын коомчулукка ачык билдирүүсүн талап кылабыз».

Президенттик аппарат бул кайрылуу боюнча азырынча комментарий бере элек.

Коомчулукта «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов бажыдагы кызматынан 2017-жылы алынган.

Президент Жээнбеков 2019-жылдын жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында Матраимовду жоопко тартыш үчүн ага карата айтылган сөздөр юридикалык жактан бекемделиши керек экенин белгилеп, аны жемкорлуктун символу катары президентке байланыштыруу аракети жүрүп жатканын билдирген:

«Мага чейинки жылдардагы коррупционерлер жана алардын саясий технологдору элибиз коррупцияны жек көргөнүн билип туруп Райымбек Матраимовду коррупциянын символу кылып мага жабыштыргысы келип жатат. Атайын тергөө тобу түзүлдү. Айтып койсоң эле бирөөнү камай албайбыз, 1937-жыл эмес да. Бекемдеш керек. 27 жылда жасашпайт беле?!»

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору», (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы бажыдагы коррупция тууралуу бир нече иликтөө жарыялаган. Аларда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу адамдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон долларды өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө ал иштерге Райымбек Матраимовдун тиешеси бар болушу ыктымал экендиги айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Матраимов өзү, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 млн сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тартып, аны сот канааттандырган.

Журналисттик иликтөөлөрдө келтирилген фактыларга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) териштирүү жүргүзүп жатат.

2019-жылдын 6-декабрында Райымбек Матраимов УКМКдан сурактан чыккандан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип, иликтөөдө сөз болгон 700 миллион долларга эч кандай тиешеси жок экенин, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептей турганын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG