Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Жеңилдетилген насыяга Нарында медициналык борбор курулат


Нарын шаарынын кире бериши.
Нарын шаарынын кире бериши.

Нарын шаарында 24 орундуу, үч кабаттуу медициналык борбор курула турганы Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 4-августтагы жыйынында айтылды.

Штабдын маалыматына караганда, курулушка өкмөт берген 6% жеңилдетилген насыя жумшалат. Учурда медициналык борбор үчүн Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жанынан жер сатылып алынды. Курулушту баштоо аракеттери жүрүп жатат.

Медициналык борбордо дартты аныктоочу лабораториялар, жабдуулар болору кабарланды.

Курулуштун жалпы сметалык баасы 37 миллион сомду түзөт, анын 17,5 миллион сомун мамлекет жеңилдетилген насыя катары 2019-жылдын декабрь айында берген.

Бул - быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Нарын облусунда 72 миллион сомго каржылана турган 20 долбоордун бири.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Кыргызстандын ооруканаларында орун жетишпей, өкмөт, ыктыярчылар менен ишкерлер күндүзгү жана кечки стационарларды ачып, бейтаптарды тейледи.

Саламаттык сактоо тармагындагы бир катар адистер жана жарандык активисттер, коомчулук бийликтин карантинде бир да оорукана кура албаганын катуу сынга алып жатышат. Июлдун этегинде бийлик Бишкекте 100 орундуу, Нарында 70 орундуу бейтапкана курула баштаганын жарыялаган.

4-августта Баткенде 90 кишилик оорукана салынары белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG