Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Боронов: Дарыгери жеке коргонуучу каражат көрө элек айылдар бар


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Медицина кызматкерлерин инфекциядан коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу иши жетишсиз болууда. Бул тууралуу 4-августта Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Өкмөт башчы жеке коргонуучу каражат көрө элек айылдар бар экенин айтып, мындай болбошу керек экенин белгиледи.

Боронов: «Бардык медицина жайлары камсыз болушу зарыл. Биз ар бир районду текшерип чыгабыз», - деди.

Жумуштан коронавирус жугузуп алган медицина кызматкерлеринин жалпы расмий саны 4-августка карата 2 854 кишиге жетти, алардын 1 894ү айыгып чыкты, 73ү каза болду.

Коронавирус эпидемиясы башталгандан бери көптөгөн ооруканаларда медицина кызматкерлери жеке коргонуучу каражаты жок иштегени, ооруну жумушунан жугузуп алганы тууралуу маалыматтар бар.

Жакында ооруканалардын жетекчилерине демөөрчүлөрдөн дары-дармек жана жеке коргонуучу каражат жагынан жардам сурап кайрылгандар жоопко тартылары, алар өкмөттү ошентип жаманатты кылып жатканы тууралуу кат социалдык түйүндөрдө тараган.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) бул каттын аныктыгын тастыктаган, бирок бардык медицина жайлары өз убагында жана толук көлөмдө каржыланып жатканын, өзгөчө көңүл айлык маянага, дары-дармекке, жеке коргонуу каражаттарына жана тамак-ашка бурулганын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG