Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:09

Оштогу тойканада чыккан өрттөн эч ким жабыркаган жок


Өрт чектөөгө алынгандан кийинки «Ак-Шумкар» тойканасынын көрүнүшү.
Өрт чектөөгө алынгандан кийинки «Ак-Шумкар» тойканасынын көрүнүшү.

Ош шаарында Исхак Раззаков атындагы көчөдө жайгашкан «Ак-Шумкар» тойканасында 4-август күнү саат 11лерде өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда өрттөн эч ким жабыр тарткан жок.

«Чыккан өрт саат 12:28де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок. Өрт тууралуу маалымат 11:08де түшүп, жарым сатта чектөөгө алынган. 12:28 толугу менен өчүрүлгөн», деп жазылган ӨКМдин билдирүүсүндө.

ӨКМдин маалыматына ылайык Ош облусунда өрт азайган. Алардын эсеби боюнча 2020-жылдын жети ай ичинде Ош облусунун аймагында 150 өрт катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 29,6% азайган. (DU)

XS
SM
MD
LG