Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Беларуста күн мурунтан добуш берүү башталды


Беларустун президенттигине талапкерлер.
Беларустун президенттигине талапкерлер.

Беларуста 9-августка белгиленген президенттик шайлоо үчүн күн мурунтан добуш берүү процесси башталды. 4-8-августта шайлоонун негизги күнү добушканага келе албагандар же катталган дарегине бара албай калгандар добуш бере алышат.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жети миллионго жакын шайлоочу катыша аларын билдирди. Пандемияга байланыштуу жаңы эрежеге ылайык, ар бир тилкеде үчтөн ашык эмес байкоочу отура алат. Ошондой эле 5-августтан тартып гана байкоо жүргүзүүгө уруксат берилет.

1994-жылдан бери бийликте турган Александр Лукашенкону кошкондо беш талапкер ат салышууда. Оппозициячы талапкерлер Виктор Бабарико менен Сергей Тихановский камакка алынган, дагы бир оппозициячы Валерий Цепкало БШК каттабай койгондон кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Шайлоолорго байкоо жүргүзүп келген ЕККУ Беларуста 1995-жылдан бери бир да шайлоону эркин жана калыс деп тааныган эмес. Ал эми Лукашенко бардык дооматтарды четке кагып келет. 4-августтагы кайрылуусунда президент бул жолку шайлоодо сырткы күчтөрдүн басымы күч болуп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары ал өзүнүн атаандаштарын сынга алып, аларды «чуулгандуу токсонунчу» жылдарга кайткысы келет, жерди жана мамлекеттик ишканаларды «менчиктеп алгысы келет» деп сыпаттады.

XS
SM
MD
LG