Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:13

Кадамжайлык тургундар Бишкектеги дарыгерлерге малина кыямын беришти


Кадамжайлык багбанардын кожогат кыямы дарыгерлерге берилди. Бишкек, 4-август, 2020-жыл.
Кадамжайлык багбанардын кожогат кыямы дарыгерлерге берилди. Бишкек, 4-август, 2020-жыл.

Кадамжайлык тургундар Бишкектеги обсервацияларда коронавируска каршы күрөшүп, «кызыл аймакта» иштеген медициналык кызматкерлерге 700 кг малина кыям тартуулашты. «Кадамжай жардам штабынын» координатору Айтмат Азамжан уулу «Азаттыкка» кадамжайлык багбандар өздөрү өстүргөн кожогатын кыям кылып, медицина кызматкерлерине ыраазылык иретинде беришкенин билдирди:

«Кожогаттын курамында түрдүү вируска каршы пайдалуу витаминдер бар. Ошондуктан багбандар алдыңкы катарда коронавируска каршы күрөшүп иштеп жатышкан дарыгерлердин ден соолугу үчүн өздөрү өстүргөн малинасынан кыям кылып, берип жиберишти».

Азамжан уулунун айтымында кыям борбор шаардагы бардык обсервацияларга, ооруканаларга жана күндүзгү стационарларга жеткирилди.

Буга чейин кадамжайлык багбандардын колунан жасалган 500 кг малина кыям Ош шаарындагы «кызыл аймакта» иштеген медицина кызматкерлерине берилген.

Обсервацияларда, ооруканаларда жана күндүзгү стационарларда иштеген медицина кызматкерлерине, ыктыярчыларга, карантиндик блок-посттордо турган милиция, ӨКМ жана башка кызматкерлерге адамдар өз каалоосу менен тамак-аш жеткирип берген учурлар арбын.

4-августка карата дагы 25 медициналык кызматкерге коронавирус жукканы белгилүү болду. Ошону менен пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 2 850гө жетти, алардын ичинен 1 894 медкызматкер айыгып чыкты. 73ү каза болду.

Кыргызстанда 18-марттан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 37 541 кишиге жетти. 7 382 бейтап стационарда дарыланып жатат. Оорудан жалпысынан 1 427 адам көз жумду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG