Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Адвокат: Прокуратура Текебаевди оорусуна карабай сотко катыштырууну суранууда


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотонов сотто. Октябрь, 2019-жыл.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотонов сотто. Октябрь, 2019-жыл.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча жүрүп жаткан соттук териштирүүгө «Ата Мекен» партиясынын лидерин алып келип, катыштырууну прокурорлор соттон өтүнүшкөн.

Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунованын «Азаттыкка» маалымдаганы боюнча, айыптоочу тарап мындай өтүнүчүн 3-августтагы жараянда да билдирген.

«Сот алардын өтүнүчүн канааттандырган жок, бирок көз каранды эмес дарыгерди алып келип, Текебаевдин саламаттыгы боюнча маалымат алууга болорун айтып, чечим кылды. Менин таң калганым - кайсы дарыгер бүгүн сотко келип, «Текебаев коронавирустан кийин сотко катышса болот» деген бүтүм чыгарып бере алат?», - деди адвокат.

Бүгүн, 5-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун сот иши уланат. Дүйшөмбүдөгү жараянга сот Текебаевдин дарыгерин көрсөтмө бериш үчүн алып келүүнү талап кылып, чечим чыгарган.

Бирок дарыгер «кызыл аймакта» иштеп жатканын, башкаларга оору жугузушу ыктымал экенин айтып, сотко келүүдөн баш тарткан.

Саясатчы Өмүрбек Текебаев коронавирус жугузуп алып айыкканы кабарланган. Дарыгерлер ага 10-августка чейин обочолонуп турууну сунуш кылышкан.

Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрөт. Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Иш райондук сотто кайра каралууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG