Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Кыргызстандын мектептеринде эки миңдей мугалим жетишпейт


Чоң-Алай районундагы мектептердин бириндеги башталгыч класстын сабагы. Ош облусу. Октябрь, 2017-жыл.
Чоң-Алай районундагы мектептердин бириндеги башталгыч класстын сабагы. Ош облусу. Октябрь, 2017-жыл.

Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарында жана Бишкек шаарында мугалимдер жетишсиз. Жалпысынан 2020-21-окуу жылында Кыргызстандагы орто мектептер үчүн 2 250 мугалим керек.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова «Азаттыкка» кадрлардын тартыштыгы жыл сайын кездешүүчү көрүнүш экенин билдирди:

«Мугалимдердин көпчүлүгү кыз-келиндер. Алар турмуш курат, төрөйт, узак мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыгат. Башка жакка которулуп кеткендери болот. Жашы жетип пенсияга чыккан мугалимдерибиз бар. Ошондуктан жыл сайын эле жаңы окуу жылында мугалимдердин жетишсиздиги келип чыгат».

Билим берүү жана илим министрлиги бул кенемтени жогорку окуу жайларынын бюджеттик бөлүмдөрүн аяктаган жаш адистерди ишке тартуу менен толуктоого аракеттенүүдө. Бюджеттик бөлүмдү аяктаган адистер үч жылдык мөөнөт менен мектептерде иштөөгө ыктыярдуу түрдө макулдугун беришкен.

Министрликтин маалыматына караганда, 2020-жылы мугалимдик адистикте окуган 2066 кыз-жигит жогорку окуу жайын аяктады. Алардын ичинен 1,6 миң бүтүрүүчү өлкөнүн түрдүү аймактарына ишке орноштурулду.

Өлкөдө 2200дөй орто мектепте 78 миңден ашуун мугалим эмгектенет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG