4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарындагы деңиз портунда катуу жарылуу болду. Эл аралык кабар агенттиктери бери дегенде 50 киши мерт болгонун Ливандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып кабарлады. «Кызыл жарым ай» уюмунун бул өлкөдөгү өкүлчүлүгү жараат алгандар жүздөп саналарын билдирди.
Интернетте тараган видеолордон кабат үйдүн жанынан жалын аралаш коюу түтүн чыгып жатканын, аздан чоң эбегейсиз жарылуу болуп, уюган кара түтүн жүздөгөн метр аралыкка тараганын көрүүгө болот.
Ливандын ички иштер министри алгачкы маалыматтар бир канча жыл мурда тартып алынган, ошол аймакта кампада турган күчтүү зат жарылганын көрсөтүүдө деп билдирди. Ал эми ливандык «Mayadeen» телеканалы Бажы кызматынын жетекчиси «тонналаган нитрат жарылган» деп айтканын кабарлады.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Бейрутта иштеген консулу жеңил жаракат алганын, иш күнү бүткөндүктөн калган кызматкерлер кеңседе болушпаганын билдирди. Консулдуктун имараты да жарылуудан жабыркаган. Бейруттан 180 чакырым ыраактагы Кипрдин тургундары да чыгыш тараптан жарылуунун үнүн угушканын белгилеп жатышат.
Окуяга байланыштуу Ливандын президенти Мишел Аун Коргонуу кеңешин чукул жыйынга чогултту. Жарылуунун себеби али белгисиз.