Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда аба каттамдары жанданды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги «Фейсбук» баракчасында маалымат таратты. Маалыматта 4-августтан баштап Стамбул-Бишкек-Стамбул каттамы боюнча жумасына эки жолу «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын рейстери аткарылары жазылган.

Стамбул-Бишкек каттамы боюнча учакка Кыргызстандын жарандары, Кыргызстандагы чет өлкөлүк дипломаттар, Кыргызстанда эмгек визасы болгон чет өлкөлүктөр, кыргызстандык менен расмий никеде турган чет өлкөлүктөр жана туугандары, жүк ташуучулар жана учкучтар гана алынары билдирилди.

Ал эми элчилик Кыргызстандан Түркияга уча турган жүргүнчүлөргө эч кандай чектөөлөр болбой турганын кабарлады. Ошондой эле Кыргызстандан Стамбул аэропортуна учуп барган кыргызстандыктардан ПЦР тести алынбайт жана алар обсервацияга жатпайт.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан март айынан тартып чек араларын жаап, эл аралык каттамдарды токтоткон.
Пандемия башталгандан бери, март-июнь аралыгында Түркиядан Кыргызстанга бир канча чартердик каттам уюштурулган. Эки миңден ашык жаран мекенине кайтарылган.

Буга чейин Түркиянын «Turkish Airlines», «Pegasus» авиакомпаниялары Кыргызстан менен аба каттамдарын 1-июлдан тартып калыбына келтирүүнү сунуш кылган. (ElB)

XS
SM
MD
LG