Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:29

Кыргыз чек арачылары түрмөдөн качкан эки өзбек жаранын кармоого жардам беришти


Кыргызстандык чек арачы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандык чек арачы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык чек арачылар түрмөдөн качып, өлкөсүнөн чыгып кетүүгө аракет кылган эки өзбекстандыкты колго түшүрүүгө жардам беришти. Бул тууралуу 5-августта Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлап, аларды өзбек полициясына өткөрүп беришкенин билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, окуя Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Бел-Сөгөт жергесинде болду. Кыргызстандык чек арачылардын жана Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин биргелешкен аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик чек арадан мыйзам бузуп өтүүгө аракет кылган жеринен 24 жана 29 жаштагы эки өзбек жараны кармалды.

Ага чейин кыргыз тарапка Ташкент облусунун Занги-Ата районундагы абактан эки адам качып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. (RK)

XS
SM
MD
LG