Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

Пакистан саясий картасына Индиянын карамагындагы Кашмирди киргизди


Жумушчулар улуттук жана кашмирдик желектер менен. Лахор, Пакстан. 4-август, 2020-жыл.
Жумушчулар улуттук жана кашмирдик желектер менен. Лахор, Пакстан. 4-август, 2020-жыл.

Пакистан жаңы саясий картасына Кашмир чөлкөмүнүн Индиянын карамагындагы бөлүгүн киргизди. Туура бир жыл мурун Дели мусулмандар басымдуулук кылган аймакты жарым-жартылай автономиясынан ажыраткан.

Премьер-министр Имран Хан шейшембиде элге кайрылып, жаңы картаны министрлер кабинети жактырганын жана ал Пакистандын расмий картасы болорун билдирди.

Гималайдагы аймак «Индия мыйзамсыз басып алган» Жамму-Кашмир деп, талаштуу жердин макамын чечиш үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясы күтүлүп жатканы белгиленген.

Кашмирде жашагандардын көбү бирдиктүү көз каранды эмес аймак болууну же Пакистан менен биригүүнү самайт.

Карта өлкөдөгү бардык окуу жайларында пайдаланылмакчы.

Дели Исламабаддын кадамын «жок жерден Индиянын аймагына көз арткан саясий абсурддун мисалы» деп атады.

Кашмирдин статусу 1947-жылы британ колониясы ыдырагандан бери Пакистан менен Индия ортосундагы талаштуу маселе болуп келатат. Ал жылы тараптардын согушунан кийин аймак экиге бөлүнүп калган. Эки өлкө тең бүтүндөй аймак аларга таандык деп талашып келатышат.

XS
SM
MD
LG