Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:46

Бишкекте коронавирус 14 педагогдун өмүрүн алды


Пандемия учурундагы иш. Талас шаарындагы оорукана. Июль, 2020-жыл.
Пандемия учурундагы иш. Талас шаарындагы оорукана. Июль, 2020-жыл.

Бишкек шаарында коронавирус пандемиясынан 14 педагог кайтыш болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева 5-августта «Sputnik Кыргызстан» агенттигиндеги онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымында, вирустан каза болгон педагогдордун сегизи мугалимдер, экөө мектеп директору, калганы бала бакчаларда иштеген кызматкерлер.

Иманалиева каза болгон педагогдордун жакындарына кенемте төлөп берүү маселеси каралып жатканын маалымдады.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери коронавирусту 38110 киши жугузуп алды, анын 29 510у айыкты. Вирустун курмандыктары 1 438 кишиге жетти.

3-4-августтагы расмий маалыматтарда вирус жаңы аныкталган учурлар 400дүн тегерегинде болуп жаткан. Дарыгерлер кырдаал турукташкандай туюлганы менен айрыкча аймактарда ооругандардын көбү ооруканага кайрылбай, үйдө жатканын айтышууда.

COVID-19 илдетин жугузуп алгандардын саны боюнча Бишкек шаары дагы эле биринчи орунда. Соңку бир күн ичинде илдет табылган 569 кишинин 190у баш калаада катталды.

XS
SM
MD
LG