Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-октябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 20:29

«Ак Шумкар» партиясы «Ата Мекендин» туусу алдында түзүлгөн альянстан чыкмай болду


«Жаңы демге» бириккен саясатчылар. Архивдик сүрөт. 2020-жылдын 5-июну.

«Ак Шумкар» партиясы парламенттик шайлоо алдында «Жаңы дем» урааны менен түзүлгөн саясий альянстан чыгып жатат. Бул маалыматты 5-августта «Азаттык» радиосуна альянска жакын булактар тастыкташты.

Партиянын лидери Темир Сариев азырынча комментарий бере элек.

5-июнда Кыргызстанда «Жаңы дем» деген ураан алдында жаңы саясий альянс түзүлгөнү «Ата Мекен» партиясынын кеңсесинде жарыяланган.

Биригүү тууралуу меморандумга «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Ак Шумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариев, Кыргыз либерал-демократтар партиясынын (КЛДП) теңтөрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев, парламенттин дагы бир депутаты Рыскелди Момбеков, ишкер Тилек Токтогазиев жана «Жашыл күчтөр коалициясы» деп аталган уюмдун атынан саясат таануучу Азамат Темиркул кол коюшкан.

Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга пландалууда. Ага катышкысы келерин жалпысынан 44 саясий партия билдирген.

Шайлоого «Ата Мекен» партиясынын туусу алдында баруу ниетин айткан альянс бийликке оппозиция экенин жарыялаган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (26)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG