Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Беларуста Тихановскаянын шайлоочулар менен жолугушуусу кайрадан үзгүлтүккө учурады


Солигорсктидеги жыйынга чогулгандар. Беларус, 4-август, 2020-жыл.
Солигорсктидеги жыйынга чогулгандар. Беларус, 4-август, 2020-жыл.

Беларус бийлиги 4-августта президенттикке талапкер Светлана Тихановскаянын шайлоо алдындагы иш-чарасын кайрадан үзгүлтүккө учуратты. Бул ирет себеп катары Слуцк шаарындагы жолугушуу өтчү жерде «шашылыш» оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөрү айтылды.

«Вясна» укук коргоо борборунун маалыматына ылайык, саясий иш-чарага жүздөгөн киши чогулуп, алардын арасынан 17 кишини полиция кармап кетти.

Тихановскаянын ошол эле күнү Солигорск шаарында өтчү митинги да болбой калды. Ал калаанын бийлиги шайлоочулар менен кездешүү пландалган стадионго экскваторлорду алып келип койгон жана шайлоо штабына «иш-чара өтпөйт» деп билдирген. Тартип коргоочулар чогулгандарды тарап кетүүгө чакырып, кеминде беш кишини кармап кетишти.

3-августта Стобцы шаарынын жетекчилиги да Тихановскаянын жолугушуусун үзгүлтүккө учураткан.

Талдоочулар талапкердин митинг-жыйындары мыйзамдуу өтүп жатканын, андыктан бийлик аларды болтурбай кое албасын, бирок курулуш же ремонтко шылтап ушундай жол менен тоскоолдук кылуу амалын көрүп келатышканын белгилешет.

Буга чейин Тихановскаяны колдогон митингдерге күн сайын түмөндөгөн киши катышып келген.

9-августка белгиленген президенттик шайлоодо Беларусту 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко да ат салышмакчы.
Буга чейин саясатка аралашпаган 37 жаштагы Тихановскаяны президенттик жарыштан четтетилген оппозициялык саясатчылар колдоп жатышат.

XS
SM
MD
LG