Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Бейруттагы жарылуудан кеминде 100 киши өлдү


Бейрут жарылуудан кийин. 5-август, 2020-жыл.
Бейрут жарылуудан кийин. 5-август, 2020-жыл.

Бейруттагы катуу жарылууга дээрлик үч тонна аммиак селитрасынын туура эмес сакталышы себеп болгон. Бул тууралуу 5-августта Ливандын премьер-министри Хасан Диаб «Твиттерге» жазды. Анын айтымында, селитра порттогу кампада алты жылдан бери турган.

Соңку маалыматтарга караганда, 4-августтагы кырсыкта бери дегенде 100 киши өлдү, төрт миңге жакыны жабыркады.

Жергиликтүү «LBC International» телеканалы жарылуу ширетүү иштери жүрүп жаткан учурда болгонун кабарлады. Кампанын кызматкерлери чакан тешиктерди бүтөмөк болуп, иштеп жатышканда химиялык заттар жарылып кеткен.

Жарылуунун эпкини бир нече чакырымга чейин жетти. Ливандын Кызыл чырым уюмунун башчысы Жорж Кеттанех урандылардын алдында дагы көптөгөн киши калганын, ооруканаларда орун тартыш болуп жатканын кабарлады.

Кырсык Ливандын саясий турмушундагы маанилүү окуянын алдына болду. 7-августта Гаагадагы атайын трибунал мурдагы өкмөт башчы, 2005-жылы теракттан каза тапкан Рафик Хариринин киши колдуу болушу боюнча өкүм чыгармакчы.

XS
SM
MD
LG