Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу кыйла жеңилдеди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда балага туулгандыгы тууралуу документ алуу шарттары кыйла жеңилдеди. Президент Сооронбай Жээнбеков жарандык абалдын актылары жөнүндөгү жаңы мыйзамдарга кол койгону 5-августта белгилүү болду. Ата-эненин убактысын жана акчасын үнөмдөөгө багытталган бул мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеш быйыл 17-июнда кабыл алган.

Эми Жарандык абалдын актыларын каттоо органдары (ЖААК, орусчасы ЗАГС) бала төрөлгөнү тууралуу фактыны ата-энесинин документи жок болсо же өз убагында берилбесе өз алдынча каттай берет.

Каттоонун «асырап алууну мамлекеттик каттоо» жана «аталыкты белгилөө» деген эки түрү жоюлду.

«Атасынын аты» деген жерге өз атасынын же асырап алуучунун, өгөй атасынын, чоң атасынын, таятасынын атын жаздырууга уруксат берилди.

Жаңы мыйзамда ата-эненин каалоосуна жараша ымыркайдын фамилиясын атасынын же чоң атасынын атына «-ов», «-ев», «-ова», «-ева» деп кошуп же улуттук салтка ылайык «уулу» же «кызы» деп жаздырса болору да белгиленди.

Мындан ары ата-эне жаңы төрөлгөн баласына «өзүлөрү кайсы жерде катталган болсо, ошол жерден күбөлүк ала алат» деген талап болбойт. Мындай норманы алып салууга ички миграциядагы туруксуз абал себеп болду.

2019-жылы жыл башында Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) уюштурган «Көрүнбөгөн балдар» акциясында Кыргызстанда беш жашка чейинки курактагы балдардын 18 миңи катталбаганы айтылган.

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк белгилүү бир убакыт аралыгында гана жазылып берилет. Эгер ошол мөөнөттү өткөрүп жиберсе ата-эне 1000 сом айыппул төлөп гана документ ала алат. (RK)

XS
SM
MD
LG