Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:21

Колумбиянын мурдагы президенти үй камагына алынды


Колумбиянын желегинин жанында турган жоокер.
Колумбиянын желегинин жанында турган жоокер.

Колумбиянын жогорку соту шейшембиде мурдагы президент Альваро Урибени кармап үй камагына алуу жөнүндө чечим чыгарды. Мурунку мамлекет башчы күбөлөрдү сатып алуу жана көз боёмочулук үчүн айыпталууда. Ушу тушта сенатор кызматын ээлеген саясатчы өзүнө коюлган айыптарды четке кагып жатат. Азыркы президент Иван Дуке буга чейин бир нече жолу Урибеге эркиндикте калып, өзүн коргоо укугун бериш керек деп колдоп келген.

Экс-президенттин камалышы - эски атаандашы, оппозициялык сенатор Иван Селеда менен тирешүүнүн натыйжасы. 2012-жылы Урибе аны кутумга байланыштуу айыптаган. Алты жылдан кийин сот сенаторду толук актап, күбөлөргө тескерисинче президент пара берген деп чечкен. Мурдагы мамлекет башчы жана дагы бир депутат 12 жылга кесилиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG