6-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 33…38;
Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 30…35;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1...+4, күндүз 10...15 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 36…38 градус болот.