Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Боронов: Коронавирус азайды, бирок абал дагы эле оор


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Кыргызстанда коронавирус боюнча абал жалпысынан дагы эле оор. Бул тууралуу 5-августта премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Өкмөт башчы айыккандар көбөйүп, жаңы катталгандар азайып баратканын жакшы көрүнүш катары баалап, бирок оорунун экинчи толкуну келбейт деп эч ким кепилдик бере албай турганын айтты.

Боронов белгилегендей, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) усулу боюнча, 14 күндө жаңы катталгандардын көбөйүш ыргагы Кыргызстанда 39,2% кемиди. Бирок оорунун күчөп кетүү коркунучу сакталып турат.

«Муну бизге чейин коронавирустан өткөн өлкөлөрдүн ахыбалынан байкоого болот. Биз да эгер санитардык-гигиеналык нормаларды сактабасак, тиешелүү чара көрбөсөк, кайрадан күчөп кетүү коркунучу сакталууда. Абал дагы эле оор», - деди ал.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айында башталган. Андан бери бул илдет жуккандардын расмий саны 38 110 адам болду, алардын 29 510у айыгып чыкты, 1 438и каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG