Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:10

Мектептерде 1-класска документтерди кабыл алуу башталды


Бишкектеги мектептердин бири. 2017-жыл.
Бишкектеги мектептердин бири. 2017-жыл.

Кыргызстандын мектептеринде 1-класска документтерди кабыл алуу 1-августта башталды.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров 5-августтагы брифингде билдирди. Анын айтымында, ар бир мектепте санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы жана жергиликтүү бийлик органдары менен бирге окутуунун форматы кадимкидейби же аралыктан болобу, талданып жатат.

Ар бир аймакка мониторинг жүргүзүү тапшырылды, жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөр менен бирге жакыр үй-бүлөлөрдүн аз камсыз болгон балдарын телевизор жана чөнтөк телефондор менен камсыз кылуу боюнча иштер башталды.

Өмүровдун айтымында, мектептер санитардык эрежелерди так сактоо менен окуу китептерин 2020-жылдын 25-августуна чейин өз убагында окуучуларга берүүгө милдеттүү.

2020-2021-окуу жылында өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республиканын бардык билим берүү мекемелеринде форма кийүү жагынан талаптар коюлбайт. Бул чечим менчик мектептерге да тиешелүү.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда жана башка көпчүлүк өлкөлөрдө жаңы окуу жылынын форматы боюнча маселе талкууга айланды. (NT)

XS
SM
MD
LG