Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:07

Михаил Ефремов күнөөсүн моюнга алган жок


Михаил Ефремов райондук сотто. Москва, 5-август, 2020-жыл.
Михаил Ефремов райондук сотто. Москва, 5-август, 2020-жыл.

Орусияда белгилүү актер, адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы үчүн айыпталган Михаил Ефремов баш калаанын Краснопресненск райондук сотунда күнөөсүн моюнга алуудан баш тартты.

Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттиги кабарлады. Ефремов: «Эсимде эч нерсе жок. Жок, мойнума албайм», - деп айтты. Адвокаттары айыпты моюнга алууга азырынча эрте деп эсептешет. Прокурор кырсык учурунда актёр мас абалында, баңгизат чегип алган болчу, уруксат берилген ылдамдыктан ашырып айдаган жана машинесин башкара албай калган деп эсептейт. Анын үй камагы эмдики жылдын 22-январына чейин узартылган.

Сөз болгон авария быйыл 8-июнда Москвада болгон. Тергөөнүн версиясына караганда, актёр ичип алып рулда баратканда жолдун каршы тарабына чыгып кеткен жана чакан фургонду сүзгөн. Кырсыктан кийин анын айдоочусу Сергей Захаров көз жумган.

Күнөөлүү деп табылса, Ефремов 12 жылга чейин кесилиши мүмкүн.

Орусиянын Эмгек сиңирген артисти Ефремов театрдагы жана кинодогу ролдорунан тышкары көпчүлүккө сатиралык долбоорлор менен таанылган.

XS
SM
MD
LG