Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:36

Казакстан кыргыз жана өзбек мигранттарга транзит коридорун ачты


Орус-казак чек арасынан өтүүгө аракеттенген мигранттар. Самара облусу, Орусия.
Орус-казак чек арасынан өтүүгө аракеттенген мигранттар. Самара облусу, Орусия.

Казакстан миңдеген кыргызстандык жана өзбекстандык мигрантка өз аймагы аркылуу өтүүгө уруксат берди. Анын алдында Орусиянын сайттары 3-августта Орусия-Казакстан чек арасында калган 500дөй мигрант казак чек арасына жакындоого аракет кылганын, орус күч түзүмдөрү аларды токтотушканын кабарлашкан. «Интерфакс» агенттиги ортодо чыккан кагылышууда эч ким жабыркабаганын жазды.

Казак тышкы саясий мекемеси «Орусиянын аймагында болгон жана Казакстанга тиешеси жок» окуяга комментарий берүүдөн адегенде баш тартып, шаршембинин кечинде кыргыз жана өзбек мигранттарга Казакстан аркылуу мекенине өтүүгө уруксат берилгенин билдирди.

«Кыргыз жана өзбек тараптар буга чейин Орусиядагы жарандарын алып чыгып кетиш үчүн транзит коридорун ачууну расмий суранышкан», - деди казак Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров.

Анын айтымында, маселе оң жагына чечилди, 4-5-август күндөрү Кыргызстандын 2,5 миңдей жараны 40тан ашык автобус менен Казакстан аймагы аркылуу өттү. Ал эми өзбек жарандары Ташкент жөнөткөн поезддер менен жол тартышты.

XS
SM
MD
LG