Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:01

Боронов: Экинчи толкун болсо дарыгерлер жетишпей калышы мүмкүн


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Эгерде Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну болсо дарыгерлер жетишпей калышы ыктымал. Бул тууралуу 5-августта премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди:

«Өлкөдө 13,5 миң медицина кызматкери бар. Эгер илдеттин экинчи толкуну болсо алар жетишпей калышы мүмкүн. Кадрлар резервин түзүү, башка профилдеги дарыгерлер үчүн кыска курстарды уюштуруу, кайра даярдоо маанилүү. Менчиктин түрүнө карабастан медициналык жардам көрсөтүү боюнча көндүмү барларга мүмкүнчүлүк берилет, баарына бирдей шарттар түзүлөт».

Ошону менен катар Боронов мамлекеттик ооруканаларды жана бейтапканаларды тартипке келтирүү иштери жүрүп жатканын, Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында жаңы ооруканалар ачыларын айтты.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айында башталган. Андан бери 5-августка чейин бул илдет жуккандардын расмий саны 38 110 адам болду, алардын 29 510у айыгып чыкты, 1 438и каза болду.

Өкмөт айыккандар көбөйүп, жаңы катталгандар азайып баратканын жакшы көрүнүш катары баалап, бирок оорунун экинчи толкуну болбосуна эч ким кепилдик бере албай турганын билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG