Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:10

Баткенде жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 5-август күнү, саат 14:18де күчү беш баллга жеткен жер титирөө болду. Анын очогу Баткен шаарынан 17 чакырым аралыкта тоолордо катталды.

Жер титирөөнүн күчү эл жашаган Кара-Бак, Чок-Талаа, Газнефт, Жаңы-Жер айылдарында беш баллды, Баткен шаарында 4,5 баллды, Бужум, Боз-Адыр айылдарында төрт баллды, Айдаркен, Кара-Булакта 3,5 баллды түздү.

Баштапкы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн эч ким жабыркаган жок. (ZKo)

XS
SM
MD
LG