Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:22

ЖМК: Бейрутта жарылган жүк орус ишкеринин кемесинен конфискацияланган


Бейруттагы портто жарылган кеме. 4-август, 2020-жыл.
Бейруттагы портто жарылган кеме. 4-август, 2020-жыл.

Маалымат каражаттары 4-августта Бейрут портунда жарылган аммиак селитрасынын ири партиясы орусиялык ишкер Игорь Гречушкинге таандык кемеден конфискацияланганын жазышты.

Ливандын ички иштер министри Мохаммед Фахми жергиликтүү телеканалга билдиргендей, жарылуу кеминде 135 кишинин өмүрүн алып кетти, миңдеген адам жарадар болду. Порттогу кампада сакталган 2700 тонна аммиак селитрасы ал жакта 2014-жылдан бери топтолуп турган.

Премьер-министр Хасан Диаб «химиялык жер семирткичти сактоодо коопсуздук чаралары камсыздалган» эмес деп 5-августта Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында айтып, жооптуу кишилер жазага тартыларын эскертти.

Жүк конфискацияланган убакытка жана анын көлөмүнө негизделип, маалымат каражаттары «MV Rhosus» кемеси ал кезде Гречушкинге таандык болчу деп болжолдошот. Хабаровск шаарынан чыккан ишкер азыр Кипрде жашайт.

Кеменин ошол кездеги капитаны Борис Прокошев 2013-жылы кемеге Гречушкин ээлик кылганын шаршембиде «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна бышыктады. Ал ошондой эле кеме аммиак селитрасын Грузиянын Батуми портунан Мозамбикке тартып бараткан жеринен техникалык себептерден улам Бейрутта токтооого мажбур болгонун айтып берди. Анын айтымында, ишкер командага он миңдеген доллар карыз.

Ал эми орусиялык жана молдовалык медиа Бейрутка барган кезде кеме Молдованын желеги астында сүзүп жүргөнүн жазышты.

Ливандын бийлиги жарылууга алып келген өрттүн себебин иликтеп жатат. Бирок жергиликтүү «LBC International» телеканалы жарылуу ширетүү иштери жүрүп жаткан учурда болгонун кабарлады. Кампанын кызматкерлери чакан тешиктерди бүтөмөк болуп, иштеп жатышканда химиялык заттар жарылып кеткен.

Ливандын Кызыл чырым уюмунун башчысы Жорж Кеттанех урандылардын алдында дагы көптөгөн киши калганын, ооруканаларда орун тартыш болуп жатканын жарылуунун эртеси кабарлады.

Кырсык Ливандын саясий турмушундагы маанилүү окуянын алдына болду. 7-августта Гаагадагы атайын трибунал мурдагы өкмөт башчы, 2005-жылы теракттан каза тапкан Рафик Хариринин киши колдуу болушу боюнча өкүм чыгармакчы.

XS
SM
MD
LG