Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:51

Ош: Милиция Өзгөндөгү таксисттин өлүмүн улут аралык маселеге айландырбоону талап кылууда


Өзгөн районунун администрациясынын алдына чогулган адамдар киши колдуу болгон таксисттин өлүмү калыс тергелишин талап кылышкан. 29-июль, 2020-жыл.
Өзгөн районунун администрациясынын алдына чогулган адамдар киши колдуу болгон таксисттин өлүмү калыс тергелишин талап кылышкан. 29-июль, 2020-жыл.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Өзгөндөгү таксисттин өлүмүн улут аралык маселеге айландырбоону талап кылууда.

Облустук ИИБнин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатат.

«Бул иште эч кандай улуттук маселе жок. Бардык күнөөлүүлөр жазасын алат. Интернеттеги айрым адамдар өз кызыкчылыгы үчүн чуу көтөрүп, маалыматты бурмалоого аракет кылышууда. Биз алардын айрымдарына эскертүү бердик», - деди Аширбаев.

Милициянын маалыматына караганда, таксисттин өлүмүнө шектүүлөр камакка алынган. Эки жаран киши өлтүргөнү үчүн, үчөө маалыматты жашырганы үчүн айыпталууда. Учурда төртөө убактылуу абак жайында, кичүүсү - 15 жаштагы шектүү үй камагында.

29 жаштагы таксисттин дайынсыз жоголгонун айтып, туугандары милицияга 19-июлда кайрылган. Алгач анын өрттөлгөн денеси, кийинчерээк айдап жүргөн автоунаасы табылган.

Маркумдун артында эки баласы жана кош бойлуу келинчеги калды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG