Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Батукаев иши: Атамбаевди сотко алып келүү аракети жүрүп жатат


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Форум» ишканасынын алдында чогулган элге сүйлөп жаткан учуру. Бишкек. 19-июль, 2019-жыл.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Форум» ишканасынын алдында чогулган элге сүйлөп жаткан учуру. Бишкек. 19-июль, 2019-жыл.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 6-августта Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланышкан ишти кароону улантат. Адвокат Замир Жоошевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда сотко мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди алып келүү аракети болууда.

«Алмазбек Атамбаев мурдагы процесске келген эмес, - деди Жоошев, - УКМКнын тергөө абагында видеобайланыш жоктугунан улам аны 6-августтагы сотко алып келүү милдеттендирилген».

4-августтагы жараянда адвокаттар «Батукаевдин иши» боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди мүлкүнөн ажыратуунун мыйзамдуулугун аныктап берүүнү соттон суранган.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган. Ал атайын коштоо менен Нарындагы абактан Бишкекке жеткирилип, андан ары Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылдын октябрында өткөн. Быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен. Жактоочулар жана мамлекетке чегерилиши каралган мүлктүн ээлери соттун бул чечимине нааразы болуп шаардык сотко кайрылышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG