Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:48

Сапар Исаков шаардык сотто көрсөтмө берет


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Петровкадагы түрмөдө жазасын өтөп жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 6-августта Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча соттук отурумда көрсөтмө берет. Ишти Бишкек шаардык соту Исаковдун жактоочусунун апелляциялык арызынын негизинде карап жатат.

Адвокат Бакыт Автандил уулунун «Азаттыкка» билдиргени боюнча Биринчи май райондук сотунда Исаковго көрсөтмө бергенге мүмкүнчүлүк берилген эмес.

«Судья Сапар Исаковду бир сот отурумунан четтеткен, - деди адвокат, - Ал ошол күнкү эле отурумдан чыгарылып, кийинкилерине киргизилүүгө тийиш болчу. Бирок сот Исаковду процесстин аягына чейин катыштырбай койду. Ал жарыш сөзгө да катыштырылган эмес. Бүгүнкү соттук жараянда Исаков толук көрсөтмө берет».

Адвокаттын айтымында, экс-премьер-министр сотко онлайн, түрмөдөн видео байланыш аркылуу катышат.

9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Сапар Исаковду Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча күнөөлүү деп тапкан. Өкүмгө ылайык Исаков 18 жылга эркинен ажыратылып, зыяндын ордун толукташ үчүн мамлекетке 247 миллион 650 миң 281 сомду да төлөп берүүгө тийиш.

Сапар Исаков өзүнө коюлган бардык айыптарды мойнуна албай келатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG