Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 13:25

Беларуста көз каранды эмес байкоочулар кармалды


Президенттикке талапкерлер тууралуу маалымат такта. Беларус. Август, 2020-жыл.

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө көз салып жаткан көз каранды эмес байкоочулар шайлоо мыйзамдары бузулуп жатканы тууралуу актыларды түзгөндөн кийин кармалышты. Байкоочулар жалпы өлкө боюнча кармалганы кабарланды.

Шайлоолорго көз салуучу «Чынчыл адамдар» уюму 5-августта алардын байкоочулары 2056 мыйзам бузуу фактысын каттаганын билдирди. Шайлоо мыйзамдарын бузуу Минскиде жана башка шаарларда 4-август, добуш берүүнүн биринчи күнүндө эле катталган.

Ал эми «Укук коргоочулар калыс шайлоо үчүн» уюму 5-августта жалпы өлкөдөгү шайлоо участокторунда полиция көз каранды эмес байкоочуларды кармаганын билдирди. Маалыматка ылайык, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү аларды «добуш берүүгө тоскоолдук кылып жатат» деп полиция чакырышкан. «Добуш берүү укугу - 2020» деп аталган уюмдун байкоочуларын Минскиде жана башка шаарларда шайлоо участокторуна жолотпой коюшканын маалымдады.

Беларуста 9-июнда боло турган президенттик шайлоого күн мурунтан добуш берүү 4-августта башталган. 4-8-августта шайлоонун негизги күнү добушканага келе албагандар же катталган дарегине бара албай калгандар добуш бере алышат. Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жети миллионго жакын шайлоочу катыша аларын билдирди. Пандемияга байланыштуу жаңы эрежеге ылайык, ар бир тилкеде үчтөн ашык эмес байкоочу отура алат.

Шайлоолорго байкоо жүргүзүп келген Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) Беларуста 1995-жылдан бери өткөн бир да шайлоону эркин жана калыс деп тааныган эмес.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG