Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Бейруттагы порт жетекчилери үй камагына алынды


Жарылуудан кийинки куткаруу иштери.
Жарылуудан кийинки куткаруу иштери.

Ливан өкмөтү Бейрут портунун жетекчилеринин баарын жарылуунун күнөөкөрү табылганга чейин үй камагына алды. Бул тууралуу LBCI басылмасы жазды. Ички иштер министрлиги беш күн аралыгында ишти иликтеп бүтүүгө убада берди.

Бейруттун порт аймагында 4-август күнкү жарылуудан курман болгондор 135 кишиге жетип, беш миңге жакын адам жарадар болду. 250 миң киши үй-жайсыз калды. «Reuters» агенттиги өлкө бийлигине таянып маалымдагандай, урандыларды тазалоо, куткаруу-издөө иштери уланып жаткандыктан курмандыктардын жана жарадарлардын саны көбөйүшү ыктымал деген божомол бар.

Премьер-министр Хасан Диаб «химиялык жер семирткичти сактоодо коопсуздук чаралары камсыздалган эмес» деп 5-августта Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында айтып, жооптуу кишилер жазага тартыларын эскертти.

Маалымат каражаттары Бейрут портунда жарылган аммиак селитрасынын ири партиясы орусиялык ишкер Игорь Гречушкинге таандык кемеден конфискацияланганын жазышты. (SE)

XS
SM
MD
LG