Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Ошто жол кырсыгынан төрт киши каза болду


Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт.
Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт.

5-август күнү Өзгөн шаарынан Ош шаарын көздөй келаткан жеңил автоунаа жолдун четиндеги жүк ташуучу автоунааны сүзүп, эки жүргүнчү каза болду. Кырсыкка кабылгандардын ичинен жандандыруу бөлүмүнө түшкөн дагы эки киши 6-августта көз жумду. Бир жүргүнчү оор абалда ооруканада жатат.

Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (Ош ОИИБ) басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.

«Баштапкы маалыматтарга караганда «ВАЗ 2107нин» айдоочусу уктап кетип, жолдун четиндеги «SCANIA» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны сүзгөн. Окуя болжол менен 5-августта эртең мененки саат бештер чамасында Бишкек-Ош автожолунун 663 чакырымында болгон», - деди Аширбаев.

Кырсык Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды. Тиешелүү техникалык жана соттук медициналык экспертиза дайындалган. (DU)

XS
SM
MD
LG