Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Голливудда Лола Каримованын үч үйү сатыкка коюлду


Лола Каримова атасынын көзү тирүү кезинде жана ал бийликте турганда Өзбекстандын ЮНЕСКО уюмундагы элчилси болгон.
Лола Каримова атасынын көзү тирүү кезинде жана ал бийликте турганда Өзбекстандын ЮНЕСКО уюмундагы элчилси болгон.

АКШнын Лос-Анжелес шаарынын атактуу району Голливудда Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова менен анын күйөөсү Тимур Тиллаевге таандык үч вилла сатыкка коюлду. «Variety» басылмасы үйлөрдүн жалпы баасы 19 миллион доллар экенин жазды.

Маалыматтарга караганда, жубайлар бул үйлөрдү 2014-жылы сатып алганы менен жашаган эмес, ижарага берип келишкен. «Тиллаев менен Каримова Беверли-Хиллздеги тандалма үйдө турушат, аны жубайлар 2013-жылы 33 миллион долларга сатып алышкан», деп жазды басылма. Ошондой эле жубайлардын мындан да кымбат үйлөрү бар экенин, маселен Женевадан алар 47 миллион долларга турак жай сатып алышканын билдирди.

Лола Каримова атасынын көзү тирүү кезинде жана ал бийликте турганда Өзбекстандын ЮНЕСКО уюмундагы элчиси болуп иштеген. Атасы каза болгондон кийин бул кызматтан кеткен.

Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова азыр Өзбекстанда түрмөдө отурат. Ага «Опузалап мүлктү менчиктеп алуу», «Ыксыз сарптоо», «Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо» беренелери боюнча айыптар коюлган жана 13 жыл төрт айга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG