Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Сапар Исаковдун соту 11-августка которулду


Бишкек шаардык соту. Сапар Исаков видеобайланыш аркылуу катышууда. 2020-жылдын 6-августу.
Бишкек шаардык соту. Сапар Исаков видеобайланыш аркылуу катышууда. 2020-жылдын 6-августу.

Бишкек шаардык сотунда музей жана ипподром иши боюнча бүгүнкүгө, 6-августка белгиленген сот отуруму болгон жок. Буга мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаты келбей калганы себеп болду.

Адвокат Бакытбек Автандил уулу «Азаттыкка» билдиргендей, ал сотко ден соолугуна байланыштуу бара албай калды.

Кийинки сот отуруму 11-августка белгиленди.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу сот отуруму аралыктан өткөрүлүп жатат. Исаков Чүйдүн Петровка айылындагы колонияда кармалууда. Аны менен видеобайланыш түзүлдү.

Исаков Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталган. 9-июнда Биринчи май райондук соту аны Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жалпысынан 18 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион 650 миң 281 сом айыппул салган.

Музей иши боюнча Исаков менен кошо президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева да соттолуп, Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

Музейдеги коррупция тууралуу расмий түрдө 2018-жылы айтылган. Кийинчерээк Башкы прокуратура аны оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет дээрлик 102 миллион сом зыян тартканын, айып коюлгандардын күнөөсү бар экенин билдирген.

Сапар Исаковго буга чейин Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоо ишине байланыштуу да өкүм чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG