Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:07

Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрга белгиленди


Эмомали Рахмон 1994-жылдан бери бийликте отурат.
Эмомали Рахмон 1994-жылдан бери бийликте отурат.

Тажик парламентинин кош палатасы 6-августта биргелешкен жыйынга чогулуп, президенттик шайлоонун мөөнөтүн 11-октябрга белгиледи. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) таянып жазды. Мыйзамга ылайык, президенттикке талапкерлерди саясий партиялар, облустардагы, шаарлардагы жана райондордогу кесиптик кошуундар көрсөтөт.

Бул шайлоо Тажикстандын эгемен тарыхындагы алтынчы шайлоо болмокчу. Азыркы президент Эмомали Рахмон 1994-жылдан бери бийликте отурат жана келерки президенттик шайлоодо да оңой эле утуп чыгары айтылып жатат. Ал жетектеген 28 жылдын ичинде шайлоого байланыштуу мыйзамдар бир канча жолу өзгөргөн жана анда Эмомали Рахмон бийликте чексиз калышына жол ачкан деген доомат айтылган.

Апрель айында анын 32 жаштагы уулу Рустам Эмомали парламенттин жогорку палатасынын спикери болуп дайындалган. Өлкөнүн Баш мыйзамы боюнча президент күтүүсүз бийликтен кетсе жогорку палатанын төрагасы президенттин милдетин аткарып турат.

Тажикстанда президент жети жылдык мөөнөткө шайланат. Соңку президенттик шайлоо 2013-жылы 6-ноябрда болгон.

Эл аралык жана эркин байкоочулар Тажикстандагы шайлоолордун дээрлик эч бирине «калыс жана таза өттү», «демократиялык баалуулуктар жана атаандаштык сакталды» деп баа берген эмес.

XS
SM
MD
LG