Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Жалал-Абадда 100 орундуу бейтапкана курула баштады


Бишкектеги курулушу башталган оорукана. 25-июль, 2020-жыл.
Бишкектеги курулушу башталган оорукана. 25-июль, 2020-жыл.

Жалал-Абадда 100 орундуу оорукананын курулушу жүрүп жатат, аны каржылоо маселеси чечилди.

Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков 6-августтагы брифингде билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан-тамыр хирургиясынын изилдөө борборунун имараты да капиталдык ремонттон өткөрүлүп жатат.

Коронавирустун экинчи толкуну тууралуу божомолдорго байланыштуу атайын комиссиянын чечими менен 39 пункттан турган иш-чаралардын планы иштелип чыкты. Күз мезгилинде оору-сыркоо көп болорун эске алуу менен облустагы район-шаарлардын жетекчилерине ага даярдык көрүү тууралуу тапшырма берилди.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Кыргызстандын ооруканаларында орун жетишпей, өкмөт, ыктыярчылар менен ишкерлер күндүзгү жана кечки стационарларды ачып, бейтаптарды тейледи.

Саламаттык сактоо тармагындагы бир катар адистер жана жарандык активисттер, коомчулук бийликтин карантинде бир да оорукана кура албаганын катуу сынга алып жатышат.

Июлдун этегинде бийликБишкекте 100 орундуу, Баткенде 90 орундуу, Нарында 70 орундуу бейтапкана курула баштаганын жарыялаган. (NT)

XS
SM
MD
LG