Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:21

Макрон Бейруттагы жарылуудан кийин Ливанга келди


Эммануэл Макрон.
Эммануэл Макрон.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Бейруттагы катуу жарылуудан кийин, 6-августта Ливанга расмий сапар менен келди. Аны учактан түшкөндө өлкө президенти Мишел Аун тосуп алды. Макрон Ливандагы бир канча адамдын өлүмү менен аяктаган кырсыктан кийин Бейрутка барган алгачкы чет өлкөлүк жетекчи болуп калды.

Франция өзүнүн мурдагы колониясы Ливанды ар тараптан колдоого аракет кылып келет жана кырсыктан кийин чукул жардам жөнөткөн.

Бейруттагы порттогу кош жарылуудан бери дегенде 137 адам өлүп, дагы беш миңдей киши жарадар болду, ондогон жарандардын дайыны чыга элек. Ошондой эле жүз миңдеген киши турак жайсыз калды.

Ал арада Ливан өкмөтү Бейрут портунун жетекчилеринин баарын жарылуунун күнөөкөрү табылганга чейин үй камагына алды. Бул тууралуу LBCI басылмасы жазды. Ички иштер министрлиги беш күн ичинде ишти иликтеп бүтүүгө убада берди.

Бир катар маалымат каражаттары Бейрут портунда жарылган аммиак селитрасынын ири партиясы орусиялык ишкер Игорь Гречушкинге таандык кемеден конфискацияланганын жазышты. Ал азырынча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG