Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Лукашенко «вагнерчилерден» улам орус жана украин прокурорлорун чакырды


Александр Лукашенко кармалган орус жарандарынын айрымдарын Украинага өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген.
Александр Лукашенко кармалган орус жарандарынын айрымдарын Украинага өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген.

Беларустун президенти Александр Лукашенко өлкөнүн башкы прокуроруна Минскиде кармалган орус жарандарына байланыштуу Орусия менен Украинадан кесиптештерин чакырууну, бул ишти чогуу иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу БЕЛТА маалымат агенттиги кабарлады. Мунун алдында Киев кармалгандардын арасындагы Донбасстагы куралдуу кагылыштарга катышкан адамдарды Украинага өткөрүп берүүнү өтүнгөн.

Лукашенко Минск шаарына жакын жердеги санаторийде кармалган орус жарандарынын айрымдарын Украинага өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген. Ал украиналык журналист Дмитрий Гордон менен маектешкенде прокуратурага жана башка күч органдарына буга байланыштуу тапшырма берилерин айткан.

Өткөн айдын аягында беларус атайын кызматы Минскиге жакын жерден Орусиядагы «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын жалданма аскерлери болушу ыктымал деген 33 адам кармалганын билдирген. Аларга Беларуста президенттик шайлоонун алдында массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүп жатышкан деген айып коюлган.

Москва болсо мындай дооматты четке кагып, «алар Минск аркылуу башка өлкөгө бараткан» деп билдирүүдө.

Буга чейин «Вагнердин жеке аскердик уюму» Орусиянын президенти Владимир Путиндин «ашпозчусу» атыккан олигарх Евгений Пригожинге таандык экени, анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу бир катар маалыматтар чыккан. Бирок Пригожин да, Кремль да мындай аскердик түзүмдөр бар экенин расмий түрдө ырастаган эмес.

XS
SM
MD
LG