Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Жараксыз калган 29 мектептин имараты оңдолууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жараксыз абалга кептелген 29 мектептин имараты оңдолууда. Бул тууралуу 6-августта президент Сооробай Жээнбековдун өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Көкөчаров менен онлайн кеңешмесинде айтылды.

Авариялык абалдагы 29 мектептин беш имараты оңдолуп бүткөнү, алар 1-сентябрга карата пайдаланууга берилери маалымдалды.

Агенттиктин директору билдиргендей, азыркы учурда коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттын эсебинен 15 мектепке кошумча корпус курулуп жатат.

Мамлекет башчысы жараксыз абалга келген мектеп имараттарын оңдоо маселесине өзгөчө маани берүүгө чакырды.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө 2200дөй мектепте бир миллиондон ашуун окуучу билим алат.

Быйыл коронавирус эпидемиясына байланыштуу 2019-2020-окуу жылы аралыктан жыйынтыкталды. (RK)

XS
SM
MD
LG