Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

Германия Кыргызстанга 41,8 млн. евро берет


Германия менен Кыргызстандын мамлекеттик туулары.
Германия менен Кыргызстандын мамлекеттик туулары.

Германия Кыргызстанга 41,8 млн. евро берет. Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы 2019-20-жылдарга финансылык жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Бул боюнча мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков 6-августта кол койгонун президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Макулдашууга ылайык, немис өкмөтү эки тараптуу финансылык жана техникалык кызматташтык үчүн кыргыз өкмөтүнө 41,8 млн. еврону грант катары берет. Мунун ичинен 21,8 млн. евро техникалык кызматташтык долбооруна, калганы финансылык кызматташтыктын алкагында берилмекчи.

Маалыматта айтылгандай, 21,8 млн. евронун ичинен 4 млн. евро «Перинаталдык саламаттык сактоого көмөк көрсөтүү»; 6 млн. евро «Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» ; 5 млн. евро «Кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү»; 2,9 млн. евро «Биологиялык ар түрдүүлүк жана жаңгак токойлору менен жайыттарды муниципалдык колдонуу жолу менен жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу ; 1,5 млн. евро «Изилдөөлөр жана адистер фондун түзүү»; 1,4 млн. евро «Сапаттык мааниси бар кызматтарды пайдаланууга көмөк көрсөтүү» долбоорлорун ишке ашырууга бөлүнөт.

Быйыл май айында Германия Өзбекстандан башка Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташтыгын чектеп, анын ичинде Кыргызстан менен кийинки жылдарга техникалык жана каржылык программаларын токтоторун жарыялаган. Немис өкмөтү муну Кыргызстан жардамга өтө муктаж өлкөлөрдүн катарына кирбей калганы менен түшүндүргөн.

Германиянын GIZ уюму Кыргызстанда саламаттык сактоо, сот бийлиги, айыл чарбасы, билим берүү жана ишкерликти колдоо боюнча бир катар долбоорлор менен иштейт. Уюм коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 550 миң еврону грант катары берерин билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG