Быйылкы парламенттик шайлоонун жүрүшүнө көз салуу максатында «Келечекке жол» аттуу мониторинг борбору түзүлдү. Бул тууралуу борборду жетектеп жаткан мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди:
«Мониторинг борбору сырттан кыйыр да, түз да кийлигишүү учурларына жакшылап көзөмөл кылып, маалыматтарды утур жарыялап, атайын отчётторду чыгарат. Борбор партиялардын, талапкерлердин, массалык маалымат каражаттарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнө жана социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзөт. Парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өтүү учурунда чет элдик кийлигишүү фактылары катталса, мониторинг борбору бул маалыматты ошол замат коомчулукка чыгарып, болгон чындыкты шайлоочуларга жеткирип, тийиштүү укук коргоо органдарына кайрылып, бул иштер мыйзам чегинде териштирилишин жана чара көрүлүшүн талап кылат».
Саясий партиялардын чет өлкөлөрдөн каржыланышына Кыргызстандын мыйзамдары тыюу салат. Ошентсе да шайлоо өнөктүктөрүндө чет өлкөлүк кыйыр каржылоо тууралуу маал-маалы менен дооматтар айтылып турат.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого байкоо жүргүзө турган узак жана кыска мөөнөттүү эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар тууралуу маалымат тарата элек.
Шайлоого даярдыкка жана добуш берүүнүн жүрүшүнө БШК, мамлекеттик органдар менен кошо 18 өкмөттүк эмес уюм ар тараптуу байкоо жүргүзөрүн 6-августта «Таза шайлоо» ассоциациясынын директору Эдир Бова билдирди.
Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга белгиленди. Шайлоого катышкысы келерин жалпысынан 44 саясий партия билдирген. БШК партиялар талапкерлердин тизмесин бергенден кийин расмий каттоого киришет. (RK)