Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Чек арадагы чырда ок тийгендердин окуясы эки тараптуу иликтенет


Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылы. Баткен, Кыргызстан.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылы. Баткен, Кыргызстан.

Мындай чечим кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусунда кабыл алынды. Жолугушуу бүгүн, 6-августта Баткенге чектеш жайгашкан Тажикстандын Исфара районунда болду. Ага кыргыз тараптан өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары, ал эми Тажикстан тараптан Согди облусунун губернаторунун орун басары, аймактагы чек ара кызматтарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди:

«Жолугушууда тажик тараптан октон жаракат алып, натыйжада көз жумган жаран тууралуу маалымат такталды. Тараптар эки тараптагы атышууга байланыштуу эки факт: Кыргызстандын ок тийген чек ара кызматкери жана Тажикстандын октон алган жараатынан көз жумган жараны боюнча иликтөө иштерин жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алышты».

Жолугушууда ошондой эле жагдайды чыр-чатактарга жеткирбеш үчүн эки тараптын мамлекеттик органдарынын биргелешкен аракеттерин күчөтүү маселеси көтөрүлдү. Мындан тышкары, чечимге ылайык ар бир тарап өз өлкөсүндө чек ара аймагында жашаган жарандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантмакчы.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, учурда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 6-августтун таңында курал колдонулган окуя катталды. Кыргыз тарап тараткан маалыматка караганда, Баткен районуна караштуу Эки-Таш деген жерде тажик тараптан белгисиз бирөөлөр кыргызстандык чек арачыны болжол менен мергенчилик мылтыктан аткан. Натыйжада чек ара отрядынын кызматкери колунан жарадар болду. Ага медициналык жардам көрсөтүлдү. Дарыгерлер чек арачынын абалын канааттандырарлык деп баалап жатышат.

Ушул эле күнү Тажикстандын «Ховар» маалымат агенттиги 6-августта таңга жуук Исфара аймагында ага лейтенант, Кыргызстандын «Көкташ» чек ара бекетинин башчысы Кабиров Шер ТОЗ-8 мергенчилик мылтыгынан атылган октон жарадар болгонун Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына шилтеме берип жазды. Маалыматта ошондой эле чек арадан бир чакырым алыс жерде Самониен айылынын тургуну Ваххобов Вохиддин бутуна ок тийип, каза болгону жазылган. (JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG