Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Ош облустук инфекциялык ооруканасы Кара-Суу районуна курулат


Мурдагы кесиптик лицейдин имараты инфекциялык ооруканага айландырылып курулат. Баш-Булак айылы, Кара-Суу району. Август, 2020-жыл.
Мурдагы кесиптик лицейдин имараты инфекциялык ооруканага айландырылып курулат. Баш-Булак айылы, Кара-Суу району. Август, 2020-жыл.

Жаңы салынуучу облустук инфекциялык оорукана Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында эски кесиптик лицейдин ордуна курулат. Учурда лицейдин имаратын бейтапканага ылайыкташтыруу иштери 80% аяктады.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова «Азаттыкка» билдиргенине караганда, оорукананын курулушу күзгө чейин аяктап, пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.

«Имараттын чатыры 80% жаңыланды, учурда терезелери жаңыдан орнотулуп жатат. Отканасынын чатыры аяктоо алдында. Жылытуучу система толугу менен алмаштырылып жатат», - деди ал.

150 орунга ылайыкташкан жаңы инфекциялык оорукана салынуучу айыл Ош шаарынан 20 чакырым аралыкта жайгашкан.

Июль айында коронавирус пандемиясы күч алганына байланыштуу инфекциялык ооруканаларда орун калбай, өкмөт башка медициналык мекемелерде атайын бөлүмдөрдү ачкан. Алардын эң чоңу «Семетей» госпиталында. Ошондой эле Кыргызстандын аймактарына, Бишкек жана Ош шаарларына кошумча инфекциялык оорукана куруу зарылчылыгы келип чыккан.

Президент Сооронбай Жээнбеков ар бир облуста инфекциялык оорукана салып, күз-кыш мезгилинде вирустук инфекциялар күчөгөн убакка чейин алардын кадрлык жана материалдык-техникалык маселелерин чечүүнү өкмөткө тапшырган.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда март айынын соңунда башталган. Жалпысынан өлкөдө бул илдет 38 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңге жакыны каза болду, 30 миңдейи айыгып чыкты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG