Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:15

Бейрут полициясы жарылган жүктүн ээсин суракка алып жатат


Жарылуудан кийинки Ливан.
Жарылуудан кийинки Ливан.

Кипрдин полициясы Бейрутта 4-августта жарылган жүктүн ээсин суракка алды. Азырынча суралып жаткан адамдын тек-жайы тууралуу маалымат берилген жок.

«Reuters» суралган адам Кипрде жашаган орусиялык ишкер Игорь Гречушин экенин жазды. Ишкердин атын мурдараак «Сибирь.Реалии» сайтына «Росус» кемесинин капитаны Борис Прокошев атаган эле. Полиция орусиялык ишкердин макамы тууралуу маалымат берген жок.

Алты жыл мурда Ливандын бийлиги кемеден 2750 тонна аммиак селитрасын конфискациялап алган. Быйыл 4-августта портто ошол жүк жарылган. Ливандын тергөө кызматы жарылууга шалаакылык себеп болгонун билдирүүдө. Ошол күнү жүккө жакын жерде ширетүү иштери жүргүзүлгөн.

Жарылуудан кеминде 149 адам мерт болгону расмий кабарланды. Издөө иштери дагы эле уланууда. Беш миңге жакын адам түрдүү жаракат алган. Жарылуунун эпкини порттун бир бөлүгүн жана шаардагы турак жайларды талкалап кетти. Бейруттун 250 миңдей тургуну турак-жайынан ажырады.

Ливан бийлиги жарылуунун себептерин иликтөөдө 16 адам кармалганын билдирди. Алардын басымдуу бөлүгү – порт кызматкерлери.

XS
SM
MD
LG