Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:20

Баткендеги чек арада абал тынч


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч. Бул тууралуу 7-августта «Азаттыкка» Баткен райондук акимчилиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, түн тынч өттү. Топтолгондор болгон жок. Ички коопсуздук күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөнүп жатат. Бүгүн да эки тараптуу жолугушуу өтүшү ыктымал.

6-августта саат 19:30 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын четиндеги Жака-Өрүк участогунда талаада эгин сугарып жүргөн кыргызстандык жаранга белгисиз тараптан эки ок тийип, жарадар болгон. Ал ооруканага жеткирилген. Абалы орточо оор деп кабарланган.

Мамлекеттик чек ара кызматы бул окуя такталып жатканын, кырдаал көзөмөлдө экенин, кошумча маалымат берилерин кабарлаган.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 6-августтун таңында да курал колдонулган окуя катталган. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен районуна караштуу Эки-Таш деген жерде тажик тараптан белгисиз бирөөлөр кыргызстандык чек арачыны болжол менен мергенчилик мылтыктан атканын кабарлаган. Маалыматка караганда, чек ара отрядынын кызматкери колунан жарадар болгон, дарыгерлер абалын канааттандырарлык деп баалап жатышат.

Ушул эле күнү Тажикстандын «Ховар» маалымат агенттиги 6-августта таңга жуук Исфара аймагында ага лейтенант, Кыргызстандын «Көкташ» чек ара бекетинин башчысы Кабиров Шер ТОЗ-8 мергенчилик мылтыгынан атылган октон жарадар болгонун Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына шилтеме берип жазган. Маалыматта ошондой эле чек арадан бир чакырым алыс жерде Самониен айылынын тургуну Ваххобов Вохиддин бутуна ок тийип, каза болгону жазылган.

Бул окуяга байланыштуу кечке жуук Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Согд облустарынын бийлик өкүлдөрү, чек ара жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери жолугушкан. Ок атылган эки окуя боюнча тең иликтөө жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. (JsA)

XS
SM
MD
LG