Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

Ошто Ак-Бууранын жээгин көрктөндүрүүчү курулуш иштери башталды


Ак-Бууранын жээгин көрктөндүрүү курулуш иштеринин башталышы. 7-август, 2020.
Ак-Бууранын жээгин көрктөндүрүү курулуш иштеринин башталышы. 7-август, 2020.

Ош шаарындагы Ак-Бууранын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбоору ишке кирди. Курулушту баштоо иш-чарасына шаардын жетекчилери жана тургундары катышты. Курулуштун пайдубалына капсула салуу жөрөлгөсүнүн учурунда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов мындай деди:

«Бүгүн тарыхый күн. Биз ушундай тарыхы бар шаарда жашаганыбызга сыймыктанышыбыз керек. Биз эки нерсе менен сыймыктанабыз. Биринчиси - Сулайман-Тоо, экинчиси - Ак-Буура».

Шаар башчысы ошондой эле долбоорду президент Сооронбай Жээнбеков колдогонун, курулушу бүтсө бул долбоордун жалпы шаарга жана шаардыктарга кереги тиерин белгиледи.

Бул курулуш долбоору 252 миллион сомго бааланган. Аны тендерде «Капитал Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган. Мунун курулушу ишке ашаарына күмөн санагандар да бар. Ак-Бууранын жээги акыркы жылдарды дээрлик менчик колдорго өтүп кеткен. (DU)

XS
SM
MD
LG