Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

«Саясий репрессияга каршылык комитети»: Кой-Таш окуясы кайрадан иликтениши керек


Жогорку Кеңештин жалпы жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жалпы жыйындар залы.

«Саясий репрессияга каршылык комитети» аттуу коомдук уюм Жогорку Кеңештин жаңы курамы шайланып келгенден кийин Кой-Таш окуясын иликтеш үчүн парламенттик комиссия түзүү зарыл деп эсептейт.

7-августта уюм кайрылуу таратып, Конституция боюнча парламент өкмөттүн да, күч стүзүмдөрүнүн да үстүнөн көзөмөл жүргүзүүчү орган экенин эскертип, депутаттар укук таануучулар менен бирге окуянын чоо-жайын башынан аягына чейин кайрадан иликтеп чыгып, көз каранды эмес бүтүмүн жана сунуштарын жарыялашы керек экенин белгиледи.

Уюмдун жетекчиси Адил Турдукулов парламенттин азыркы курамы Атамбаевге баа берүүгө моралдык укугу жок деген пикирин билдирди:

«Алар Атамбаевдин күчү менен келип, бирок кайра башкача саясий коньюнктурага жараша терс баасын берген. Кой-Таш окуясы толугу менен саясий иш. Ошондуктан саясий жана моралдык бааны кийинки чакырылыш берүүгө укуктуу. Сот мамлекеттик комиссия чыгарган резолюцияга жараша прокурордун гана көз карашын билдирген чечимге барып жатат. Бул туура эмес».

Бул билдирүүнү аталган коомдук уюм Кой-Таш окуясына бир жыл болгон күнү жасады. 2019-жылдын 7-8-августунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу тууралуу суракка баруудан баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда УКМКнын «Альфа» бөлүгүнүн бир офицери курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Бул окуяны иликтеш үчүн мамлекеттик комиссия түзүлүп, Жогорку Кеңеш анын «Атамбаев президент болуп турганда жасаган кылмыштары үчүн жазаланарын түшүнүп Конституцияны жана мыйзамдарды тоготпой, аймак аралык карама-каршылыкка шыкак берген» деген корутундусун колдогон. Комиссия УКМК жана ИИМ Атамбаевди суракка күч менен алып кетүү боюнча ишин мыйзамдуу деп тапкан.

Кийин мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү кол койгон корутунду менен Жогорку Кеңеште окулган бүтүмдө айырмачылык бар экенин айтылган.

Кой-Таш окуясын коомдук комиссия да өз алдынча иликтеген.

Кой-Таш окуясына байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган бешөөнүн иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында, калгандары №1 тергөө изоляторунда отурушат.

Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту жабык карап жатат. Азыр соттук акт менен таанышуу жараяны уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG