Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 13:48

Медакадемиянын 169 бүтүрүүчүсү аймактарга бөлүндү


Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери. Архивдик сүрөт. Анын жаңылыкка тиешеси жок.

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын ординатурасын аяктаган 169 адис Кыргызстандын алыскы региондорун медициналык кадрлар менен камсыздоо үчүн бөлүштүрүлдү.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин адам ресурстары жана уюштуруу иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Айгүл Бообекова 7-августтагы брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, Бишкек медициналык коллежинин 70 бүтүрүүчүсү да башкалаадагы саламаттык сактоо мекемелеринде иштөөгө бөлүндү.

"Дарыгердин депозити" мамлекеттик программасынын негизинде 175 адиске бир кварталда бир жолу акча төлөнмөй болду.

Саламаттык сактоо министрлиги бул чечимди дарыгерлердин жетишсиздигин чечүү аракети катары түшүндүрүп жатат.

Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда көптөгөн ооруканаларда дары-дармек, медицина кызматкерлери, алардын коргонуучу кийимдери, ооруканада орун жетишсиз экени жана саламаттык сактоо тармагындагы бир катар кыйынчылыктар ачыкка чыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG