Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

Сот күзөтчүнү сабаган мас айдоочу боюнча ишти токтотту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту мас абалында күзөтчүгө кол салган айдоочуга карата козголгон жазык ишин токтотту. Бул тууралуу 7-августта «Азаттыкка» соттун басма сөз катчысы Айзада Момунова билдирди.

Анын айтымында, буга тараптар элдешип алганы себеп болду. Райондук соттун чечими 24-июнда чыкканы айтылды.

Быйыл 6-июнда Бишкектеги кафелердин биринин жанында «Toyota Land Cruiser» автомашинасынын айдоочусу күзөтчүгө кол салып, анын отурган күркөсүн бир нече жолу сүздүргөнү тартылган видео Интернетте тараган. Кийин милиция аны Боом капчыгайына чейин кубалап барып, дөңгөлөгүнө ок атып кармаганын, мыйзам бузган адам 30 жашта экенин кабарлаган. Жанынан тапанча жана бычак табылган.

Окуяга байланыштуу Жазык кодексинин «Ээнбаштык» беренесинин негизинде иш козголуп, териштирүү жүрүп жаткан.

Мас айдоочунун жоругу коомчулукта кызуу талкуу жараткан. (RK)

XS
SM
MD
LG