Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

Түркия Сириядан барган кыргызстандык эки качкын келинди мекенине жөнөтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркияга Сириядан барган кыргызстандык эки качкын келин депортацияланат. Бул тууралуу 7-августта түркиялык «Анадолу» маалымат агенттиги кабарлады.

Жаңылыкта Түркиянын Сирия менен чектеш Килис аймагында жергиликтүү жандармерия кыргызстандык эки келинди чек арадан мыйзамсыз өтүп жаткан жеринен кармаганы жазылды.

Аларга «сириялык экстремисттик топко тиешеси бар» деген айып коюлуп, Килис аймактык миграция департаментине жөнөтүлгөн. Департамент кыргызстандык келиндер Түркиядан мекенине жиберилерин кабарлаган.

Сириянын Түркия менен чектеш аймагындагы лагерде ушу тапта 100дөн ашуун кыргызстандык келин кармалып турат. Ар биринин аз дегенде экиден баласы бар. Балдардын көпчүлүгү ошол жактан төрөлгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта каза болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар. (ElB)

XS
SM
MD
LG